Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Индияда террористтердин кол салуусунан кеминде 27 киши каза болду. Бул тууралуу РИА Новости News18 телеканалына таянып кабарлады.
Маалыматка караганда, Индиянын түндүгүндөгү Жамму жана Кашмир аймактарындагы куралдуу кол салууда 27 киши көз жумуп, 12 адам жаракат алды.
Куралданган террористтер ат менен сейилдеп жүргөн туристтерди көздөй тынымсыз ок чыгарган. Кол салуу популярдуу туристтик аймак болуп эсептелген Байсаран өрөөнүндө болгону айтылууда. Жабыркагандардын бардыгы Индиянын жарандары экени белгиленди.