Индияда салют чыгарган фабрикада жарылуу болуп, беш киши каза тапты

Дүйнө Загрузка... 30 Май 2025 16:21
WhatsApp Image 2025-05-30 at 16.15.59.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 30.05.25. /Кабар/. Индияда пиротехника чыгарган фабрикада жарылуу болду. Бул тууралуу The Indian Express гезити жазганын Известия кабарлады.

Маалыматка караганда, фабрикадагы жарылууда кеминде беш адам каза таап, 34 киши жаракат алды.

Сингхвала айылындагы фабрикадагы жарылуудан кийин эки кабаттуу имарат жараксыз абалга келген. Көз жумгандардын өздүгү азырынча тактала элек. Кызматкерлердин басымдуу бөлүгү Уттар-Прадеш жана Бихардан келген мигранттар болгону айтылды.

Ошондой эле полиция учурда куткаруу иштери уланып жатканын кабарлады.

Буга чейин да Индияда салют чыгарган фабрикада жарылуу катталып, кеминде 13 адам каза тапкан болчу.