Индияда пилдердин кол салуусунан 5 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 26 Февраль 2025 10:20
WhatsApp Image 2025-02-26 at 07.10.08.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Индияда 5 адам пилдердин кол салуусунан каза болду.

TRT Hindustan Times гезитинин маалыматына таянып, Андхра-Прадеш штатындагы "Маха Шиваратри" фестивалына бара жаткан адамдардын тобу токойдо пилдердин кол салуусуна учураганын жазды.

Пилдердин астында калган 5 адам окуя болгон жерде каза таап, жаракат алгандар ооруканага жеткирилди.

Жабыркагандардан эки кишинин абалынын оор экендиги айтылды.