Индияда кырсыкка учураган учак дарыгерлердин жатаканасына кулаган

Дүйнө Загрузка... 12 Июнь 2025 17:40
WhatsApp Image 2025-06-12 at 17.32.30.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Индияда кырсыкка учураган учак дарыгерлердин жатаканасына кулаган. Бул тууралуу Известия кабарлады.

Маалыматка караганда, Air India авикомпаниясынын учагы Ахмедабад шаарынан Лондонго сапар тарткандан бир нече мүнөт өтпөй кулаган. Азырынча жатаканада жабыркагандар тууралуу маалыматтар айтыла элек.

ЖМКлардагы маалыматтарга ылайык, учактагы 242 адамдын ону экипаж мүчөлөрү, 232си жүргүнчү болгон. Алардын 11и балдар экени айтылууда.

Учактагылардын 169у Индиянын, 53ү Улуу Британиянын, жетөө Португалиянын жана дагы бирөө Канаданын жараны деп белгиленүүдө. Кырсыкта каза тапкандардын саны 110 кишиге жетти.