Индияда кыйраган учактын кара кутусу табылды

Дүйнө Загрузка... 13 Июнь 2025 10:20
WhatsApp Image 2025-06-13 at 10.20.47 AM.jpeg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Индияда кыйраган учактын кара кутусу табылды. Бул тууралуу РИА Новости Hindustan Times гезити кабарлаганын айтты.

Маалыматта белгиленгендей, Boeing 787 Dreamliner учагынын эки кутусунун бири авикырсык болгон жерден табылган.

Ал учактын арткы бөлүгүндө жайгашкан. Аны чечмелөө иштери менен Жарандык авиациянын башкы директораты алектенмекчи. Ал эми экинчи кутуну издөө иштери уланып жатат.

Эске салсак, күн мурун Индиянын Ахмедабад шаарынан Лондонго учкан учак медколледждин жатаканасына кулаган.

Бортто 242 адам болгон. Кырсыкта каза тапкандардын саны 290 кишиге жетти.