Бишкек, 3.09.25 /Кабар/. Индиянын Индор шаарындагы MY Hospital ооруканасынын ымыркайлар үчүн интенсивдүү бөлүмүндө жаткан жаңы төрөлгөн эки ымыркайга келешмиштер кол салып, манжаларын кемирүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Times of India агенттигине таянып, Газета.ру басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, ымыркайлар аталган бөлүмдө тубаса оорулар менен жатышат. Башкы дарыгердин айтымында, наристелер оор жаракат алган эмес, учурда аларга керектүү дарылоо иштери жүргүзүлүүдө.
Келемиштердин көбөйүшүнө соңку күндөрдөгү катуу жаан-чачын жана бейтаптардын жакындары палаталарга алып келген тамак-аштар себеп болгон. Ооруканада зыянкечтерге каршы дезинфекция акыркы жолу беш жыл мурун жасалган.
Мындан улам оорукана кызматкерлерине көзөмөлдү күчөтүү талабы коюлуп, тамак-аш алып кирүүгө тыюу салынды.