Индияда катуу жааган жамгыр бүтүндөй бир айылды жууп кетти

Дүйнө Загрузка... 06 Август 2025 08:55
12798e90-f71b-4b47-8266-6a7c06b3ae5f.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 06.08.25 /Кабар/. Күн мурун Индиянын Уттаракханд штатындагы тоо түбүндө жайгашкан Дхарали айылын суу агымы бир нече мүнөттүн ичинде толугу менен жууп кетти. Бул тууралуу The Hindu басылмасына таянып РБК жазды.

Маалыматта белгиленгендей, аталган аймактагы бул жаратылыш кырсыгына нөшөрлөп жааган жамгыр себеп болгон.

Кхирганга дарыясы жээгинен чыгып кетип, суу үйлөрдү жана жолдорду толугу менен каптап, айыл жер менен жексен болгон.

Учурда куткаруу иштери жүргүзүлүп, жабыркаган адамдардын саны такталууда.