Индияда нөшөрлүү жамгырдан каза болгондордун саны 100дөн ашты

Дүйнө Загрузка... 15 Май 2026 09:00
10f4a5fe-ecff-42ce-9b08-73fa0d1ec88b.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.05.26 /Кабар/. Индиянын түндүгүндөгү Уттар-Прадеш штатында катуу бороон жана нөшөрлүү жаандан улам каза болгондордун саны 100дөн ашты. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Маалыматка ылайык, адамдардын көбү кулаган бак-дарактардан, ураган имараттардан жана чагылган уруудан каза болушкан. Учурда кырсык болгон аймактарда куткаруу иштери уланууда.

Штаттын башкы министри Йоги Адитьянатх каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө каржылык жардам көрсөтүлөрүн билдирди.