Индияда кар көчкүдөн улам 8 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 03 Март 2025 10:20
WhatsApp Image 2025-03-03 at 06.46.48.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. 28-февралда түшкөн кар көчкүдөн улам Индиянын түндүгүндөгү Уттаракханд штатында 8 адам каза болду. Бул тууралуу ТАСС Times of India гезитине таянып жазды.

Маалыматка караганда, куткаруучулар дайынсыз жоголгон акыркы адамдын сөөгү табылган соң, издөө иштери токтотулганын билдирген. Куткаруу иштери эки күнгө созулган.

Белгилей кетсек, 28-февралда Индиянын Уттаракханд штатында кар тазалап жаткан 57 жумушчу кар көчкүдө калгандыгы, жарымынан көбү куткарылгандыгы кабарланган.