Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Индиянын Уттаракханд штатында 40тан ашуун адам кар көчкүсүнүн курчоосунда калды. Бул тууралуу The Times of India гезити кабарлаганын Белта агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, кар тазалап жаткан 57 жумушчу кар көчкүсүндө калган. Чамоли округунун Мана кыштагында алардын 15и куткарылды.
Учурда издөө-куткаруу иштери уланууда. Жеринде Индиянын мамлекеттик кызматтары иштеп жатат.
Буга чейин кар көчкү коркунучу тууралуу кабарланган.