Индияда 200дөн ашык жүргүнчүсү бар учак кулады

Дүйнө 12 июнь 2025 15:05
Индияда 200дөн ашык жүргүнчүсү бар учак кулады

Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Бүгүн Индиянын Ахмедабад шаарынан анча алыс эмес жерге жүргүнчү ташыган учак кулады. Бул тууралуу NDTV телеканалы кабарлаганын РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, учак кулаган жакка кетчү жолдор жабылды. Учакта болжол менен 242 жүргүнчү болгону айтылууда. Кырсыктын келип чыгышына эмне себеп болгону азырынча белгисиз.