Бишкек 07.07.25 /Кабар/. 6-июлда Индиянын Дхарамсала шаарында миңдеген адамдар чогулуп, Далай-ламанын 90 жылдыгын белгилешти. Анда ал тибет элинин руханий лидери катары кайра төрөлүү (реинкарнация) процесси өзүнөн кийин да уланаарын билдиргенин Евроньюс агенттиги жазды.
Маалыматта белгиленгендей, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио баштаган дүйнөлүк лидерлер куттуктоолорун жөнөтүштү.
Тибет буддизмин жолдоочуларынын руханий лидери жана Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Далай-лама өз билдирүүсүндө: “Мен жөн гана буддист монахмын. Адамзаттын баалуулуктарын жана диндер аралык ынтымакты өнүктүрүү — менин башкы максатым бойдон калат”, — деп белгиледи.
Майрамдык иш-чаралар Непалда да өтүп, тибеттик качкындар жана дипломаттар бул күндү тилек тилөө, ыр-бий менен белгилешти.
Белгилей кетсек, Далай-лама 1940-жылы такка отуруп, 1959-жылы Кытай Тибетти аннекциялагандан кийин миңдеген тарапташтары менен Индияга качып, сүргүндөгү өкмөттү түзгөн.
Ошондон бери ал тибет элин колдоп, анын маданиятын жана өз алдынчалыгын сактоо менен дүйнөдөгү эң таанымал руханий лидерлердин бирине айланган.