Бишкек 29.07.25 /Кабар/.
Индия 2025-жылдын декабрь айында космоско адамга окшош роботту учурууну пландап жатат. Бул тууралуу Индиянын космостук агенттигинин (ISRO) жетекчиси Ваннияперумал Нараянандын билдирүүсүнө таянып, РИА агенттиги жазды.
Космоско жөнөтүлө турган роботтун аты - Виоммитра. Бул пилотсуз учуруулардын биринчиси болуп саналат. Алдыда дагы 2 жолу учуруу планы коюлган. Мунун негизги максаты - кийинчерээк адамды учуруу карата даярдыктарды көрүү деп белгиленет.
Ошондой эле 2026-жылы эки жолу адамдын учушу пландалып жатат, ал эми 2027-жылы "Гаганьян" деп аталган чоң космостук долбоор ишке ашырылат.