Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Индия LVM3-M5 ракетасынын деңиз флоту үчүн GSAT-7R (CMS-03) космостук байланыш спутнигин Жердин орбитасына ийгиликтүү учурду. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.
Маалыматка караганда, оор спутник Индиянын түштүк-чыгышындагы Шрихарикота аралында жайгашкан Сатиш Дхаван космос борборунун аянтчасынан көтөрүлдү.
Индиянын космостук изилдөө уюму (ISRO) белгилегендей, спутник Инд океанындагы Индиянын деңиз флотунун кемелери, суу астында жүрүүчү кемелери, учактары жана жээктеги командалык пункттарынын ортосунда реалдуу убакытта ишенимдүү байланыш менен камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан.
Салмагы 4410 килограмм болгон спутник 35 700 чакырым бийиктиктеги геостационардык орбитага жайгаштырылат.