Бишкек, 15.06.26 /Кабар/. Инд океанынын түштүк-чыгыш бөлүгүнөн окумуштуулар дүйнөдөгү эң терең, эң байыркы жана эң ири киттер көрүстөнүн табышты. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бул жердеги айрым киттердин калдыктарынын жашы 5 миллиондон ашык жылды түзөрүн The Guardian кабарлады.
Анда белгиленгендей, ачылыш Австралия менен Антарктида континенттери ажыраган учурда пайда болгон Диамантина жарака зонасында жасалган. Окумуштуулар суу алдындагы аппараттын жардамы менен 7002 метр тереңдикке чейин түшүп, жалпысынан 485 жерден киттердин ташка айланган калдыктарын жана чирүү стадиясындагы беш заманбап киттин сөөгүн табышкан.
Окумуштуулардын айтымында, киттердин калдыктары 1200 чакырым аралыкка созулуп, океандын түбүндө мурда белгисиз болгон өзгөчө экосистеманы түзгөн. Бул аймакта рак сымалдуулар, моллюскалар, сөөк менен азыктанган курттар жана башка көптөгөн тирүү организмдер жашайт. Алардын айрымдары илим үчүн жаңы жандык болушу мүмкүн.
Изилдөөнүн авторлорунун бири, Пиза университетинин окумуштуусу Жованни Бьянуччи бул ачылыш океандын эң экстремалдуу шарттарында да жашоо өнүгүп, жаңы экосистемалар калыптана аларын далилдей турганын белгиледи.
Адистердин пикиринде, бул табылга киттердин эволюциясын, алардын миграциялык жолдорун жана терең деңиздеги жашоо формаларын изилдөө үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.