Имангали Тасмагамбетов иш сапары менен Кыргызстанга келди

Саясат 29 июнь 2025 21:27
Имангали Тасмагамбетов иш сапары менен Кыргызстанга келди

Бишкек, 29.06.25. /Кабар/. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов иш сапары менен Кыргызстанга келди.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, ал Ысык-Көлдө өтө турган ЖККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 30-июнда Чолпон-Ата шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы астында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.