Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. Кыргызстандын спорт тармагында 45 жылдан ашык эмгектенген Иманакун Асанов "Ардак" медалы менен сыйланганына, эмгегинин бааланганына кубанып жатканын билдирди.
"Биринчи жолу президенттин колунан сыйлык алып, толкунданып турам. Ошондой эле эмгегимдин бааланганына кубанып жатам. Бул үчүн өлкө башчысына ыраазычылык билдирем", - деди ал.
Иманакун Асанов спорт тармагына 45 жылын арнап, анын 25 жылын Нарын облусунун спорт башкармалыгын жетектөө менен өткөргөн.
Анын айтымында, бул жылдары Нарын облусунда спорттун материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана спортчуларды даярдоого көңүл бурулган.
"Биз биринчи кезекте материалдык-техникалык базаны чыңдоого көңүл бурдук. Нарын облусунда алгачкы жолу аркан жолдор курулуп, Нарын шаарындагы дене тарбия-спорттук ден соолукту чыңдоо комплекси жана шаардык стадион оңдолгон. Мындай иштер райондордо да жүргүзүлгөн", - деди Асанов.
Ошондой эле ал эмгектенген мезгилде Нарын облусунан 20дан ашык спортчу республикалык курама командага кирген. Алардын арасында СССРдин жана Европанын чемпиону, эл аралык класстагы спорт чебери Нурлан Абдыкалыков да бар.