Илон Масктын байлыгы $500 млрд жетип, дүйнөдөгү эң бай адам деп табылды

Дүйнө Загрузка... 02 Октябрь 2025 09:05
WhatsApp Image 2025-10-02 at 07.57.46.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 02.10.25 /Кабар/. Америкалык ишкер Илон Маск дүйнө жүзүндө жеке байлыгы 500 млрд долларга жеткен алгачкы адам болду. Бул тууралуу Коммерсант жазды.

Маалыматта белгиленгендей, ал X социалдык тармагы, космостук техника өндүрүүчү SpaceX, жасалма интеллект тармагындагы xAI компаниясын жана унаа чыгаруучу Teslaны жетектейт.

Forbes басылмасы Масктын байлыгы 500 миллиард долларга жеткенин белгиледи.

Эскерте кетсек, Илон Маск алгачкы жолу 2021-жылы Forbes тизмесинде дүйнөдөгү эң бай адам деп табылган. Ошондон бери ал бир нече ирет бул тизмеден төмөн түшүп, кайра жогорулап келет.