Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Америкалык ишкер Илон Маск анын ЖИ компаниясы xAI 2026-жылдын аягына чейин жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн оюнду чыгара турганын билдирди.
"хAI оюн студиясы келерки жылдын аягына чейин жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн оюнду чыгарат" деп жазган Маск социалдык тармактагы баракчасына.
xAI компаниясы 2023-жылдын ноябрында таанытылган Grok аттуу жасалма интеллектти иштеп чыгуу менен алектенет. Ал эми 2024-жылдын март айында xAI бул ЖИнин баштапкы кодун ачыктаган.