Илон Маск Википедияга атаандаш жаңы энциклопедия ачты

Дүйнө Загрузка... 28 Октябрь 2025 10:08
AQAGao8u8eqvgjNfYhU.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 28.10.25 /Кабар/. Америкалык ишкер жана миллиардер Илон Маск Грокипедия аттуу энциклопедияны ишке киргизди — ал Википедиянын атаандашы болот, деп билдирет Kazinform агенттиги The Washington Post басылмасына шилтеме берүү менен.

Басылманын маалыматына караганда, жаңы сайт стили жана форматы боюнча Википедияга окшош. Анда азыртан эле ChatGPT, Дайан Китон жана FIFA 2026 дүйнө чемпиондугу сыяктуу темалар боюнча макалалар бар.

Белгиленгендей, бул долбоор Масктын Grok аттуу жасалма интеллект системасын (ChatGPTге окшош) колдонуп, белгилүү технологиялык куралдарга альтернатива түзүү боюнча акыркы аракети болуп саналат.

Айрым Масктын күйөрмандары дүйшөмбү күнү долбоордун ишке киришин кубануу менен кабыл алышкан, ал эми сынчылар айрым макалаларда жалган маалыматтар бар экенин же Википедиядагы тексттерди сөзмө-сөз көчүрүп алган учурларды белгилешкен.

Маалыматка ылайык, сайт ишке кирген учурда анын ичинде 885 миңге жакын макала жайгашкан, ошол эле учурда англис тилдүү Википедияда 8 миллионго жакын макала бар.

Grokipedia.com сайты бир нече саат иштеп турган, бирок айрым колдонуучулар анын ишинде катачылыктар болуп жатканын билдиришкен.