Бишкек 15.07.25 /Кабар/. Алдыдагы үч жуманын ичинде Америкалык SpaceX компаниясы чыгарган Starship кемеси онунчу жолу сыноо иретинде учурулат. Бул тууралуу компаниянын негиздөөчүсү Илон Маск X социалдык түйүнү аркылуу билдиргенин Коммерсант агенттиги жазды.
Маалыматта белгиленгендей, алгач ал 2023-жылы учурулган. Бирок акыркы төрт жолку учушу ийгиликсиз болгон. 2024-жылы кеменин жогорку бөлүгү жана ылдамдаткычы жарылып кеткен.
Өткөн жылы Маск 2026-жылдын аягында Starship кемеси менен Optimus аттуу роботту Марска жөнөтөрүн айткан. Эгерде бул миссия ийгиликтүү болсо, 2029-жылы компания адамдарды Марска учура баштайт. Масктын негизги максаты — 2045-жылга чейин Марста адам өз алдынча жашай алган шаар куруу.
Starship кемеси Жердин орбитасына, Айга, Марска жана андан алыс асман телолоруна адам жеткирүү үчүн, ошондой эле спутниктерди орбитага чыгаруу үчүн колдонулуучу универсалдуу система катары иштелип чыккан. Анын Super Heavy ылдамдаткычы жана Starship кемеси деген эки негизги бөлүгү бар. Экөө тең кайра колдонууга жарамдуу жана тик конууга ылайыкташтырылган.