Бишкек, 5.09.25 /Кабар/. Америкалык миллиардер Илон Масктын Neuralink компаниясы 2026-жылы толугу менен көрбөй калган адамдардын көрүүсүн жарым-жартылай калыбына келтирет. Ал бул тууралуу X социалдык тармагына жазгандыгын РИА Новости агенттиги билдирди.
Аталган тармакка миллиардер “Келерки жылы толугу менен көрбөгөн адамдын көрүүсүн (жарым-жартылай) калыбына келтирүүгө багыт алып жатабыз”,-деген билдирүү калтырган.
Өткөн жылы Маск Neuralink компаниясынын көзгө салынуучу импланты тууралуу айтып, ал көзү тубаса көрбөй төрөлгөн адамдарга да көрүүгө мүмкүнчүлүк берерин билдирген. Башында көрүү сапаты начарыраак болуп, кийинчерээк адам көзү көрбөгөн нурларды, башка жашыруун толкундарды көрө баштайт деп белгилеген.