Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. Tesla компаниясынын негиздөөчүсү, америкалык миллиардер Илон Маск келечекте акча жоголуп кетиши мүмкүн экенин билдирди. Анын сөздөрүн "Ведомости" басылмасы жарыялады.
Ал мындай божомолду акционерлердин жыйынында айткан.
"Балким, келечекте акча такыр болбой калат же акча болот, бирок аны ватт (кубаттуулукту өлчөө бирдиги) менен өлчөөгө болот. Мисалы, электр энергиясы жагынан канча энергия өндүрүүгө боло турганы менен", — деп божомолдоду ал.
Миллиардер ошондой эле тамашалап, акционерлер "Tesla акцияларын кармап турушу керек" деп айтты.