Бишкек 24.07.25 /Кабар/. Америкалык миллиардер Илон Маск Лос-Анджелестин Голливуд аймагында Tesla Diner тез тамактануучу жайын ачты. Бул жайда адамдар тамактангандан сырткары унааларын кубаттап, ошол эле маалда кино көрө алышарын Газета.ру басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, аталган жай ретро жана футуристикалык стилде жасалган. Анда 80 даана Supercharger унаа кубаттагычы, 250 орундуу отургучтар, чатырдагы терраса жана чоң кино экрандары бар.
Кардарлар бургер, хот-дог сыяктуу тез татымдарды жеп, буйрутманы унаадан түшпөй эле Tesla Diner тиркемеси аркылуу бере алышат. Каалоочуларга Tesla Optimus роботу өз колу менен поп-корн салып берет.
Ачылыш күнү ресторанга көп сандаган адамдар келип, бул жайга болгон кызыгуу жогору экенин көрсөткөн. Маск эгер долбоор ийгиликке жетсе, мындай жайларды дүйнөнүн ири шаарларына да ачарын белгилеген.