Илон Маск Дональд Трамптын администрациясындагы кызматын токтотту

Дүйнө Загрузка... 29 Май 2025 10:20
WhatsApp Image 2025-05-29 at 09.37.24.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 29.05.25 /Кабар/. Илон Маск Дональд Трамптын администрациясындагы атайын мамлекеттик кызматкер катары ишин аяктаганын жарыялады. Бул тууралуу миллиардер кечээ күнү өзүнүн X социалдык платформасында билдиргенин Коммерсант.ру басылмасы жазып чыкты.

"Атайын мамлекеттик кызматкер катары менин мөөнөтүм аяктап калды. Президентке натыйжасыз чыгымдарга каршы күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазымын", — деп жазды Маск. Ал ошондой эле Өкмөттүн натыйжалуулугун жогорулатуу департаментинин (DOGE) миссиясы "мурдагыдан да бекемделет" деп кошумчалады.

Ишкер буга чейин, тактап айтканда 22-апрелде, DOGE уюмуна арнаган убактысын кескин кыскартып, негизги көңүлүн Tesla компаниясына бурарын айткан болчу.