ИИМ милициянын талабына баш ийбөө үчүн жоопкерчилик каралганын эскертет

Укук тартиби Загрузка... 14 Январь 2026 09:25
copyright icon ИИМ

Бишкек, 14.01.26. /Кабар/. Ички иштер министрлиги жарандарга милициянын мыйзамдуу талабына баш ийбөө үчүн жоопкерчилик каралганын эскертет.

Ведомствонун маалыматына караганда, ички иштер органдарынын мыйзамдуу талаптарын аткаруу - жарандык милдет.

"Акыркы күндөрү ички иштер органдарынын өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талабына баш ийбөө жана аларга каршылык көрсөтүү фактылары көбөйүүдө. Бул аракеттер мыйзамга каршы келип, коомдук коопсуздукка коркунуч жаратат.

Ар бир жаран милициянын мыйзамдуу талабын аткарууга милдеттүү. Каршылык көрсөтүү, орой мамиле жасоо же мыйзамдуу талаптарды аткаруудан баш тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет", - деп айтылат маалыматта.

ИИМ жарандарды мыйзамды сактоого, тартипти урматтоого жана коомдук коопсуздукту биргелешип камсыздоого чакырат.