ИИМ: Мектептердеги «клубничный квик» баңгизаты тууралуу маалымат жалган

Коом 06 Февраль 2025 16:32
841331704097344_big.jpg
476059387_1010174574464877_8531378.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
Алдыга
Артка
841331704097344_big.jpg
476059387_1010174574464877_8531378.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ИИМдин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. WhatsApp тиркемесиндеги мектептерде «клубничный квик» аттуу жаңы баңгизаты таркатылып жаткандыгы тууралуу маалымат жалган. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Ички иштер министрлиги жарандарды сабырдуулукка жана такталбаган билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга чакырат. Ишенимдүү маалымат алуу үчүн расмий булактарга гана кайрылууну сунуштайбыз.

"Маалыматтарды таратууда сак  жана жоопкерчиликтүү болуңуз",-деп айтылат маалыматта.