Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Социалдык саясат комитетинде “Жарнак жөнүндө” мыйзам долбоорун карап, жактырды.
Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Аида Исатбек кызы Ички иштер министрлигинен канча алдамчылык фактысы катталганын жана ага каршы күрөшүү боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурады.
"Биз үч жылдан бери кылмыштуулуктун бул түрү менен күрөшүп келебиз. Бирок конкреттүү жыйынтык көрө элекпиз. Ички иштер министрлиги телефон, интернет аркылуу алдамчылык менен күрөшүүнүн ыкмаларын айтып бере алабы? Учурда кары-картаңдарыбыз алдамчылыктын курмандыгы болуп, күн өткөн сайын статистика өсүп жатат", — деди ал.
Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев жыл башынан бери 8786 алдамчылык фактысы катталганын билдирди.
«Алардын 76 пайызынын бети ачылды. Бул кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат», - деп ишендирди ал.