Ибраев: Сууну сарамжалдуу пайдаланып, андан электр энергия өндүрүшүбүз кажет

Интервью Загрузка... 03 Апрель 2025 15:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кыргызстанда соңку жылдары жаңы гидроэлектр станциялардын курулушу жүрүп, айрыкча чакан ГЭСтер четинен салына баштады. Андан тышкары Камбар-Ата-1 сыяктуу чоң долбоорлор ишке ашырылганы турат. Энергетика министри Таалайбек Ибраев “Кабар” агенттигине курган маегинде салынып жаткан ГЭСтер тууралуу айтып берди.

Саламатсызбы, азыр Кыргызстанда чакан ГЭСтер көп курула баштады. Аларды кимдер куруп жатат?

Президент Садыр Жапаров бийликке келгенден баштап, энергетика тармагына чоң көңүл бурулуп жатат. Мыйзамдарды, башка нормативдик-укуктур актыларды өзгөрттүк, тарифтерди карап чыктык. Мисалы “чакан ГЭС курам” дегендер буга чейин да көп эле. Бирок аларга инвестиция салуунун пайдасы жок болчу. Акча салган инвестор артынан пайда табыш керек эмеспи. Бир сом салса, кеминде 20 тыйын пайда көрүшү кажет.

Биз тиешелүү шарт түзгөндөн кийин ички инвесторлор ГЭС курганга кирише баштады. Азыр өлкөдө салынып жаткан чакан ГЭСтердин 90%ын биздин ички инвесторлор, ишкерлер курууда. 2025-жылдан 2028-жылга чейин өлкөдө 406 МВт’ка жакын кошумча генерация пайда болот. Бизде азыр 500 МВт’ка жакын тартыштык бар. Чакан ГЭСтер бат курулат. Аны 3 жылда салса болот. Биз 25 МВт болгон Бала-Саруу ГЭСин 3 жылда куруп бүттүк. Чыгарган электр энергияны мамлекет сатып алат.

WhatsApp_Image_2025-04-02_at__dgR2d87.max-1920x1080.format-webp.webp

Бизде “Чакан ГЭС” деген ачык акционердик коом бар. Ал 30 МВт’ка чейинки ГЭСтерди тейлейт. Бул ишкана Бала-Саруу ГЭСин курду. Эми Орто-Токой суу сактагычында 21 МВт’тык, Папан суу сактагычында 27 МВт’тык, Токтогул ГЭСинин жанында Каракөл дарыясында 18 МВт’тык ГЭС курууда. Мунун баарын ал Орсу-Кыргыз онуктуруу фондан жана Өзбек-Кыргыз фондунан насыя алып, кытайлык инвесторлорду тартып, салып жатат. Калганын биздин жеке ишкерлер курууда.

Саны боюнча алсак, 2025-жылы 5 чакан ГЭС ишке кирет деп турабыз. Алардын жалпы кубаттуулугу 64 МВт болот. 2026-жылы – 145,56 МВт, 2027-жылы – 170,88 МВт жана 2028-жылы 25,7 МВт’тык чакан ГЭСтер ишке берилет. Мен бүгүнкү күнү кагазын алып, ишти баштагандарын айтып жатам. Алар биз менен келишим түзгөн, мамлекет алардан электр энергияны сатып алат. Болбосо “мен курам” деп техникалык-экономикалык негиздемесин, долбоорун жазып келип, банктан насыя алуу үчүн сүйлөшүү жүргүзүп жаткандар арбын.

c3591d9d60790cfae593b424a.max-1920x1080.format-webp.webp

Азыркы тапта чакан ГЭСтер 450 млн кВт/саатка чейин электр энергия өндүрүп берип жатат.

Чоң ГЭСтер тууралуу айтсаңыз?

Чоң ГЭСтерди алсак, Нарындагы Куланак ГЭСи келерки жылы бүткөрүлөт деп турабыз. Анын кубаттуулугу 100 МВт’ты түзөт. Камбар-Ата-2 ГЭСине кубаттуулугу 120 МВТ болгон экинчи агрегат орнотулат. Ага россиялык банк 110 млн доллар бөлүп берүүдө. Конкурс өткөргөнбүз, тендерге 6-7 компания катышкан. Азыр алардын арасынан тандап жатабыз. Кудай буюрса ишти быйыл баштайбыз .

Казарман ГЭСи боюнча “Орто Азия” деген түрк компаниясы менен келишим түзүп, ал жерде да иштер жүрүүдө. Ал компания 11 млн сомдун тегерегинде акча жумшады. Көкөмерен ГЭСи боюнча иштер жүрүп жатат. Жогорку Нарын ГЭС каскадына да 3-4 инвестор бар. Конкурс өткөрүп, кимиси жакшы шарттарды сунуштаса, ошого беребиз. Чоң ГЭСтерге кызыккандар абдан көп.

Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча иштер кандай жүрүп жатат?

Камбар-Ата-1 ГЭСи эң чоң улуттук долбоор болот деп жатабыз. Сиздер билгендей, Садыр Жапаров бийликке келгенинин экинчи жылы эле Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна капсула салып, бизге тапшырма берген. Ошол күндөн баштап азыркыга чейин иш уланууда. Бул долбоорду Дүйнөлүк банк колдоп жатат.

2014-жылы ГЭСтин техникалык-экономикалык негиздемеси жасалган болчу. Аны германиялык жана россиялык компаниялар даярдаган. Бирок 2014-жылдан бери баалар, доллардын курсу өзгөргөндүктөн, аны актуалдаштыруу керек болууда. Анткени аны долбоор катары чыгарсак, кайсы компания келбесин, жаңы техникалык-экономикалык негиздеме керектигин айтат. Ал негиздемеде эмнелер камтылат: канча суу болору, канча электр энергия өндүрүлө турганы, кандай плотина, агрегат болору, кандай режимде иштей турганы жазылат. Техникалык-экономикалык негиздемени жазууга Дүйнөлүк банк 5 млн доллар берди. Анын 2 млн доллары - грант, 3 млн доллары - насыя. Биз былтыр конкурс өткөрүп, аны швейцариялык “Эфри” деген компания утуп алган. Ага техникалык-экономикалык негиздемени бүткөрүүгө май айына чейин мөөнөт берилген.

ГЭС курулуп жаткандан кийин экологиялык экспертиза керек болот, социологдор иш алып барат. Алар былтыр жерине барып көрүп, эл менен жолукту. Суу сактагыч Токтогул районунун жана Тогуз-Торо районунун жеринде жайгашат. Ошол жерде 5-6 айылдын тургундары менен жолугуп, элдин оюн угуп келди. Элдин 97%ы макул болду. 1%ы оюн ачыктаган эмес, 2%ында ар кандай суроолору бар экен. Калктын 97%ы колдогону - жакшы көрүнүш.

plotina-inguri.max-1920x1080.format-webp.webp

Эми 4-апрелде экологдор суу сактагычтын ордун көрүп келгени жатат. Дүйнөлүк банктын талабы боюнча, алар жерине барып, кандай өсүмдүктөр өсөрүн, кандай жаныбарлар бар экенин көрүп чыгат. Дүйнөлүк банк эколог, эксперттерди жалдаганга 13,6 млн доллар бөлүп берди.

Ошондой эле биз юридикалык-эксперттик компанияны тандап алдык. Ал компания Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын ортосундагы өкмөттөр аралык келишимин түзөт. Келишим Жогорку Кеңештен ратификациядан өтүп, биз кол койгондон кийин иш башталат.

ГЭСтин курулушун каржылаганга каражатты кайсы донорлор берет?

Бул долбоордун баасы 3,5 млрд долларга жакын болот. Анын 1,5 млрд долларын Дүйнөлүк банк бергени жатат. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан Дүйнөлүк банкка 500 млн доллар насыя алуу үчүн кат жөнөткөнбүз. Бул маселе азыр Директорлор кеңеши тарабынан каралып жатат. Кудай буйруса, ал чечилет. 20-майда Дубайда үч мамлекет менен Дүйнөлүк банктын жолугушуусу болот. Ал сүйлөшүүлөрдөн кийин башка донорлор менен жолугабыз.

Былтыр Венада эл аралык энергетикалык форум өткөргөнбүз. Ага 13кө жакын донор катышкан. Алар менен Камбар-Ата-1 долбоорун каржылоо боюнча коммюникеге кол койгонбуз. Эми ал донолор калган 2 млрд долларды бөлүп берет деп ойлойм. Донорлорлун арасында Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банкы, Европа өнүктүрүү банкы, Европа инвестиция банкы жана башкалар бар. Италиянын да бир банкы бар. Алар да бул долбоорго кошулабыз деп жатат.

Рогун ГЭСи менен салыштырсак, анын курулуп жатканына 10 жылдан ашып калды. Ал жерде суу сактагыч, плотинанын орду үчүн көп кишини, айылдарды көчүрүш керек. Бизде андай көчүрүү маселеси жок. Камбар-Атага берилген жер “Электр станцияларынын” менчигинде турат, кызыл китеби бар. Ошол жерге канча жылдан бери салыгын төлөп жатат. Бул уникалдуу долбоор деп ойлойм.

2024-10-01_12-53-24_294692.max-1920x1080.format-webp.webp

Камбар-Ата-1 ГЭСи долбооруна Кыргызстандын бюджетинен канча каражат бөлүндү?

Камбар-Ата-1 долбооруна 2023-2024-жылдары мамлекет тарабынан 1 млрд 555 млн сом бөлүнүп берилген. Быйылкы жылы 2 млрд 400 млн сом бөлүнүүдө. ГЭСти куруп баштаганга биздин мамлекеттин бюджетинен бардыгы биригип 4 млрд сомго жакын каражат берилүүдө.

Ага эмне жумуш аткарылып жатканын айта кетейин: курулушту баштардын алдында даярдык көрүлөт. Жол салуу кажет, тоо жак болгондуктан, транспорттук тоннель керек. Тоннелди казып бүттүк. Нарын дарыясынын үстүнөн көпүрө салуу зарыл. Көпүрө аркылуу транспорт, генератор, калган жабдыктар ГЭСтин машина залына чейин жеткирилет. Азыр көпүрө салына баштады. Ал жерге 110 киловольттук линия тартып бардык. Кызматкерлер нөөмөт менен иштей тургандыктан, 100 кишилик жатакана курулууда. Камбар-Ата-2 ГЭСине жакын жерде биздин Камбар-Ата деген убактылуу шаарчабыз бар. Убагында салына баштап, токтоп калган. Бирок имарттарынын баары бар. Ошолордун баарын оңдойбуз. Кудай буйруса, бул долбоордо 3 миңден 5 минге чейин адам иштейт. Анын баарына тиешелүү шарттарды түзүү зарыл.

280150.max-1920x1080.format-webp.webp

Камбар-Ата-1 ГЭСи ишке берилгенден кийин андан чыккан электр энергиянын 1%ы ошол жердеги айылдарга калары айтылып жатат.

Бул долбоордон жергиликтүү тургундарга кандай пайдасы тиет деген суроо жаралышы мүмкүн. Дүйнөлүк банктан КА-2 ГЭСтен Токтогул районуна чейин 110 киловольттук линия салып бергиле, 1 миң баланы окутуп бергиле деп кайрылдык. Эртеңки күнү Камбар-Ата ГЭСинде, башка ГЭСтерде иштегенге кадрлар керек болот. Ага макул болушууда. Жакын арадагы айылдарда суу маселеси бар экен, аны чечип бергенге аракет кылабыз. Азыр ГЭСтер ар кайсы райондордо курулуп жатса, ошол жердеги айыл өкмөткө электр энергиянын 1%ы калат. Мисалы 100 кВт өндүрүлсө, анын 1 кВт/саатын акчалай ошол айылга которуп турабыз. Акчаны “Кыргызстан улуттук электр тармагы” төлөйт. Ал айыл өкмөткө, элге жакшы жардам болот.

Мурда суулар жөн эле агып турса, эми биз андан электр энергияны өндүрүп жатабыз. ГЭС салынып бүткөндөн кийин, 10-15ке жакын адам дайыма жумуш орун менен камсыз болот.