Hytera заводунун өндүрүшүн бир катар мамлекеттик органдар сатып алат

8 апрель 2025 17:29
67f4e6a82f355-thumb_0oAMTxy.max-1920x1080.format-webp.webp
67f4e6aaec459-thumb_2q5gsTT.max-1920x1080.format-webp.webp
67f4e6b00a139-thumb_R6HK96a.max-1920x1080.format-webp.webp
67f4e6b6b3f81-thumb_5tSntKe.max-1920x1080.format-webp.webp
67f4e6b2306b1-thumb_mPyiPMF.max-1920x1080.format-webp.webp
67f4e69fa99d2-thumb.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
67f4e6a82f355-thumb_0oAMTxy.max-1920x1080.format-webp.webp
67f4e6aaec459-thumb_2q5gsTT.max-1920x1080.format-webp.webp
67f4e6b00a139-thumb_R6HK96a.max-1920x1080.format-webp.webp
67f4e6b6b3f81-thumb_5tSntKe.max-1920x1080.format-webp.webp
67f4e6b2306b1-thumb_mPyiPMF.max-1920x1080.format-webp.webp
67f4e69fa99d2-thumb.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жана экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, Hytera компаниясынын телекоммуникация жабдыктарын чогултуучу ишкананы пайдаланууга берүү аземине катышты.

Экономика министрлигинен билдиришкендей, аталган компаниянын телекоммуникация жабдыктарын учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги, Коргоо министрлиги жана Финансы министрлигинин алдындагы Бажы кызматы пайдаланып жатат. Ошондой эле, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы кызыгууларын билдирип, тизмеге киргизилген.

Бул чечим ички өндүрүүчүлөрдү колдоого, продукциянын сатылышын камсыздоого жана өндүрүш көлөмүн көбөйтүү аркылуу экономиканын туруктуу өсүшүнө өбөлгө түзүүгө багытталган. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, мамлекеттик сатып алуулар импортту алмаштыруу саясатынын натыйжалуу инструменти болуп саналат. Ички компанияларга мамлекеттик заказдарга артыкчылыктуу шарттарда жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү туруктуу суроо-талапты жаратууга жана жаңы технологиялык чынжырларды өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Тизменин алкагында төмөнкү Hytera продукциялары киргизилди:

  • Hytera VM750D көкүрөккө тагыла турган видеорегистратор;
  • Hytera PD785, PD705, PD565, PD515 рациялары;
  • Hytera HR1065 репитери.

Аскердик багыттагы өндүрүш УКМКнын Чек ара кызматындагы мамлекеттик "Инженердик технологиялар комплекси" ишканасы менен биргеликте жүзөгө ашырылат.

Учурда башталган чогултуу өндүрүшү — бул биринчи этап. Кийинки этаптарда металл конструкцияларынын корпустарын чыгарган цехти түзүү жана микросхемалар менен платаларды жогорку тактыкта чогулткан участокту ишке киргизүү пландалууда.

Маалымат үчүн: Hytera Communications Corporation Limited — телекоммуникация чечимдери боюнча дүйнөлүк лидер. Компаниянын дүйнө жүзү боюнча 90дон ашык өкүлчүлүгү жана 1,8 миллионго жакын кардары бар.