Худжандда Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге кол коюлду

Президент 3052 31 Март 2025 15:21
487941717_1190022819799017_3578011959624228641_n.jpg
487812856_1190023169798982_3564983492417849350_n.jpg
487807561_1190023096465656_2428968905607986401_n.jpg
487682763_1190023069798992_1127912570402916472_n.jpg
487959984_1190023139798985_4696575361406569737_n.jpg
487941717_1190022819799017_3578011959624228641_n.jpg
487780081_1190022949799004_8171580809450634709_n.jpg
487772975_1190022993132333_5526110219036175132_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Бүгүн, 31-мартта Худжанд шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин үч тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгы менен Үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге жана Түбөлүк достук жөнүндө Худжанд декларациясына кол коюлду.

Мамлекет башчылары бул документтерге кол коюу өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн, ошондой эле Борбор Азияда конструктивдүү диалогду жана натыйжалуу кызматташтыкты түзүүгө өбөлгө болорун баса белгилешти.

Жетишилген макулдашуулар өз ара ишенимди бекемдөө, туруктуулукту сактоо жана региондогу интеграциялык процесстерди өнүктүрүү үчүн жаңы перспективаларды ачат.

Мындан тышкары, үч өлкөнүн лидерлери үч өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен чекитте орнотулган символикалык стеланын ачылыш аземине катышты. Салтанаттуу иш-чара Худжанд шаарынан видеоконференция байланышы форматында өттү.

Аземдин жүрүшүндө мамлекет башчылары бир эле учурда атайын тирегич тактага орнотулган баскычты басышты. Андан соң Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, ошондой эле Тажикстан жана Өзбекстандын премьер-министрлеринин орун басарлары лентаны кесип, стеланы расмий ачышты.

Стела элдердин достугун чагылдырып, чек ара маселелери биротоло чечилгенден кийин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын, ишенимдин жана ынак коңшулуктун жаңы доорун билдирет.