Бишкек, 07.04.26 /Кабар/. Кыргыз хоккейчилери Болгарияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын II дивизионунда (В тайпасы) жеңишке жетишти. Бул тууралуу Хоккей федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, София шаарындагы Кышкы спорт сарайында өткөн беттеште улуттук курама дебюттук оюнун ийгиликтүү баштап, Болгариянын курамасын 5:3 эсебинде жеңди. Анда оюнчу Ислам Абдыраев үч шайба киргизип, хет-трик жасады.
Курама команданын киргизген голдору жана ассисттери:
- 1:0 — Мамед Касабеков (00:32);
- 2:0 — Ислам Абдыраев (02:18), жардамчылары — Михаил Чувалов жана Александр Титов;
- 3:0 — Ислам Абдыраев (03:10), жардамчысы — Максим Егоров;
- 4:1 — Артем Кузьмич (18:41), жардамчылары — Георгий Фитисенко жана Евгений Мирнов;
- 5:2 — Ислам Абдыраев (20:25), жардамчысы — Антон Кудашев.
"Бул жеңиш ата мекендик спорт үчүн тарыхый мааниге ээ, анткени бул курама командабыздын дүйнөлүк биринчиликтин жаңы, жогорку сапаттагы деңгээлиндеги алгачкы кадамы", — деп айтылат маалыматта.