Хоккайдо аралында күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө катталды

Дүйнө 23 июнь 2025 10:00
Хоккайдо аралында күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө катталды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 23.06.25 /Кабар/. Япониянын түндүк бөлүгүндө жайгашкан Хоккайдо аралынын жээгинде күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европалык-жер ортолук деңизинин сейсмологиялык борбору билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, зилзаланын очогу Кусиро шаарынан 173 чакырым чыгышты көздөй, 10 чакырым тереңдикте катталган.

Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар, кыйроолор жана цунами коркунучу жаралган жок.