Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Мюнхен техникалык университетинин окумуштуулары Гизанын Улуу пирамидаларынын эң чоңу болгон Хеопс пирамидасын изилдешти. Алар каптаманын астында жашыруун өтмөк бар экенин көрсөткөн белгилерди табышты, деп кабарлайт БелТА агенттиги.
Маалыматка караганда, окумуштуулар пирамиданын түндүк тарабына көңүл бурушкан. Алар дубалдардын астын бузбай карап чыгууга мүмкүндүк берген электротомографияны колдонушкан. Анда 0,85 метр калыңдыктагы таш блоктордун астында жашырылган көңдөй бар экенин аныкталды. Анын туурасы жана бийиктиги 2,5 метр. Өтмөктүн узундугу 2 метрден ашат.
Окумуштуулардын айтымында, өтмөк V формасында жайгаштырылган таш плиталардын астынан башталат.
Мурда Минкерина пирамидасында жашыруун аномалиялар да табылган. Изилдөөчүлөр булар курулушка жашыруун өтмөк бар экенин көрсөтүшү мүмкүн деп эсептешет. Бирок, фараондун мумиясы ичинде жок. Фараондун сөөгүн Европага алып бара жаткан кеме кырсыкка учурап, жүгү менен кошо чөгүп кеткен.
Дагы бир изилдөө пирамидалардын астында жашыруун курулуштар болушу мүмкүн экенин көрсөттү. Бул курулуштар 4500 жыл мурун курулган пирамидалардан алда канча эски. Айрым курулуштар жер бетинен 600 метр тереңдикте жашырылган.