"Хан-Теңири" жаратылыш паркындагы мамалактарын ээрчиткен аюу – видео

Экология Загрузка... 02 Июнь 2025 16:00
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 02.06.25. /Кабар/. "Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркында эки мамалагын ээрчиткен сейрек кездешүүчү ургаачы аюу видеого тартылып алынган.

Жаратылыш ресурстар министрлигинин маалыматы боюнча, "Хан-Теңири" жаратылыш паркында жапайы жаныбарлардын, анын ичинде Кызыл китепке кирген Тянь-Шань күрөң аюунун сейрек кездешүүчү түрү көбөйгөн.

2024-жылдын статистикасы боюнча жаратылыш паркта жаныбардын 14 түрү бар, бирок эксперттер мындан да көп болушу мүмкүн экенин жокко чыгарышпайт.

Мындай оң көрүнүш жаратылышты бузуу факторлорун азайтуу жана жаратылыш чөйрөсүн коргоо боюнча системалуу түрдө иш алып барган Жаратылышты коргоо кызматынын натыйжалуу ишинин аркасында экени белгиленет.