Халифат түзүүнү көздөшкөн. Баткенде экстремисттик уюмдун 10 мүчөсү кармалды

Укук тартиби Загрузка... 12 Ноябрь 2025 15:11
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Баткенде "Хизбут-Тахрир аль-Ислами" диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтан билдиришкендей, "Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин алкагында 10 адам кармалган. Кармалгандардын айрымдары мурда экстремисттик ишмердүүлүк үчүн сот жообуна тартылган.

Алар "Хизбут-Тахрир аль-Ислами" диний уюмунун жабылган Telegram каналдарына катталып, Кыргызстандын аймагында халифат түзүү маселесин талкуулап, "Хизбут-Тахрир аль-Ислами" ДЭУнун идеологиясын өнүктүрүүнү улантышкандыгы аныкталды.

Кармалгандардын жашаган жерин тинтүү учурунда "Хизбут-Тахрир аль-Ислами" ДЭУнун тыюу салынган адабияты, ошондой эле көптөгөн диний адабияттар, электрондук алып жүрүүчүлөр, ноутбуктар, флеш-карталар, уюлдук телефондор жана дисктер табылган.

Учурда УКМК тарабынан тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.