Хакерлер Gucci жана Balenciaga бренддеринин маалыматтарын уурдашты — Кабар

Хакерлер Gucci жана Balenciaga бренддеринин маалыматтарын уурдашты

Дүйнө 16 сентябрь 2025 09:00
de2b55c0-da4e-45a4-9f18-d4d917eb4cb7.jpeg
48d57045-7431-494d-bdcf-246ee7f449b2.jpeg
Алдыга
Артка
de2b55c0-da4e-45a4-9f18-d4d917eb4cb7.jpeg
48d57045-7431-494d-bdcf-246ee7f449b2.jpeg
Алдыга
Артка

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 16.09.25 /Кабар/. Хакерлер Balenciaga, Gucci жана Alexander McQueen бренддеринин кардарларынын жеке маалыматтарын уурдашты. Бул тууралуу BBC’ге таянып, Коммерсант жазды.

Маалыматты хакерлер BBC’ге өздөрү жөнөткөн, ал эми бул бренддерге ээ болгон Kering корпорациясы жабыркагандардын так санын айткан жок. BBC’нин маалыматына ылайык, хакерлер миллиондогон кардарлардын ысымдарына, электрондук почта даректери, телефон номерлери жана сатып алган суммаларына кире алышкан, бирок каржылык маалыматтар уурдалган эмес.

Чабуулду ShinyHunters деген хакер же хакердик топ жасаганы айтылууда. Алар 7,4 миллион электрондук почта дареги менен байланышкан маалыматты апрелде эле алып, июнда Kering’ден кун талап кылышкан, бирок компания төлөөдөн баш тарткан.