Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Кытайдын Хайнань аралында тропикалык "Кадзики" бороонунан улам 20 миңден ашуун адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги билдирди.
Аралда мектептер, мекемелер убактылуу жабылып, коомдук транспорт токтотулду.
Маалыматта 30 миңден ашуун балыкчы кайыктары портко кайтарылып, 2,8 миң куткаруучу даярдыкта турганы белгиленет.
Адистердин айтымында, шамалдын ылдамдыгы секундуна 38 метрге жетүүдө. Ал эми циклон Санья шаарынан 210 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.