Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Гватемалада жанар тоо атылып, 300 үй-бүлө эвакуацияланды.
Еuronews маалымдагандай, сейсмологдор дүйнөдөгү эң активдүү деп эсептеген Фуэго жанар тоосу Гватемалада активдешти. Буга чейин 300гө жакын үй-бүлө эвакуацияланган, эми жергиликтүү бийлик болжол менен дагы 30 миң тургун коркунучта экенин, аларды да эвакуация кылуу керектигин айтууда. Жанар тоо Гватемала шаарынан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жанар тоонун атылышы дүйшөмбүгө караган түнү башталган. Жабыркагандар тууралуу маалымат айтыла элек. Жакынкы райондордогу мектептер жана бир нече калктуу конуштарды байланыштырган негизги жолдор жабылды.
Сейсмологдордун пикиринде, эң чоң коркунуч жанар тоонун атылышы эмес, андан агып чыккан лахарлар бүтүндөй айылдарды кыйратышы мүмкүн.
Жанар тоо деңиз деңгээлинен 3763 метр бийиктикте жайгашкан. Акыркы жолу ал эки жыл мурун олуттуу активдүүлүк көрсөткөн.