Гватемалада күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө болду

Дүйнө Загрузка... 09 Июль 2025 13:37
WhatsApp Image 2025-07-09 at 11.17.18.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Гватемалада күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу РИА Новости Prensa Libre басылмасы билдиргенин жазды.

Гватемаланын Сейсмологиялык кызматынын маалыматы боюнча, жердин силкинүүсү Палин шаарына жакын жерде 5,2 баллды көрсөттү. Мындан кийин ушул райондо 30дан ашык жер титирөө катталды.

Зилзиладан улам Санта-Мария-де-Хесус багытындагы унаа жолдо кеминде эки адам каза тапты. Алар бараткан унаага аскадан таш кулаган.

Үйлөрдүн кыйраганы, селдин жүргөнү, унаа кыймылына тоскоолдук жаралганы айтылууда. Жеринде издөө-куткаруу иштери жүрүүдө.