Гватемалада автобус көпүрөдөн кулап, кеминде 55 адам каза болду — Кабар

Гватемалада автобус көпүрөдөн кулап, кеминде 55 адам каза болду

Дүйнө 12 февраль 2025 09:29
Гватемалада автобус көпүрөдөн кулап, кеминде 55 адам каза болду
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Гватемалада автобус көпүрөдөн кулап, кеминде 55 адам каза тапты.

Euronews маалымдагандай, жол кырсыгы унаалардын кагылышуусунан улам болгон. Анда бир автобус көпүрөдөн капчыгайга кулап түшкөн.

Тергөөчүлөр окуя болгон жерден 53 адамдын сөөгүн табышкан.

Ооруканага жеткирилген адамдардын ичинен дагы эки киши көз жумганы айтылды.

Гватемаланын президенти Бернардо Аревало каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, 11-февралды улуттук аза күтүү күнү деп жарыялаган.