Бишкек 11.07.25 /Кабар/. Гватемалада 2,5 тонна кокаин менен бара жаткан кеме кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Бернардо Аревало билдиргенин Известия агенттиги жазды.
Президенттин айтымында, кемеден 2 581 килограмм кокаин, (265 миллион кецаль же болжол менен 35 миллион АКШ доллары) табылган. Ал бул операцияны быйылкы жылдагы эң ири баңгизат кармоо окуясы катары мүнөздөдү.
Буга чейин, 28-июнда Британиянын бир портунда 2,4 тонна кокаин (баасы болжол менен 100 млн фунт стерлинг же 137,2 млн доллар) кармалган. Бул партия — Британия тарыхындагы эң ири алтынчы кокаин партиясы болуп эсептелет.