Бишкек 23.07.25 /Кабар/. Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш ири технологиялык компанияларды 2030-жылга чейин өздөрүнүн маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун толугу менен энергиянын кайра жаралуучу булактарына өткөрүүнү сунуштаганын, Интерфакс агенттиги билдирет.
Андагы маалыматта шаарлардын ысышы жана технологиялардын өнүгүшү глобалдык энергия керектөөнү жогорулатууда деп айтылат. Бир эле ЖИ үчүн колдонулган маалымат борбору 100 миң үй керектегендей электр энергиясын сарптайт. Ал эми келечекте мындай борборлордун керектөөсү 20 эсеге өсүп, учурда Япония сарптан жаткан көлөмгө жетиши мүмкүн.
Гуттериш мындай тенденция туруктуу өнүгүүгө каршы келерин айтып, технологиялык гиганттарды энергия булактарын жашыл энергияга өткөрүүгө жана суу ресурстарын үнөмдүү пайдаланууга чакырды.
«Көмүртектүү отундун доору аяктап жатат. Таза энергиянын доору башталууда», – деп билдирген ал.
Статистикага ылайык, 2024-жылы кайра жаралуучу энергетикага 2 трлн доллар инвестиция тартылган. Бул көрсөткүч казылып алынуучу отунга салыштырмалуу 800 млрд долларга көп.
Ошондой эле күн энергиясы азыр 41%га, ал эми шамал 53%га арзандаган.
Андан сырткары Гуттериш Африка дүйнөдөгү күн энергетика ресурстарынын 60%ына ээ болгону менен жалпы инвестициялардын 2%ын гана алганын белгилеген.