Гутерриш океанды коргоо чараларын күчөтүү керектигин айтты

Дүйнө 9 июнь 2025 18:30
WhatsApp Image 2025-06-09 at 17.50.02.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-09 at 17.50.03.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-06-09 at 17.50.02.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-09 at 17.50.03.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 09.06.25. /Кабар/. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш БУУга мүчө мамлекеттер океанды коргоо чараларын күчөтүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал Ницца шаарында өтүп жаткан конференцияда билдиргенин, Интерфакс кабарлайт.

Гуттериш өз сөзүндө таза океансыз планетанын саламаттыгы болбой тургандыгын белгилеген. Ал океан адамзат үчүн кычкылтектин 50%ын чыгарарын жана 3 млрд кишини азыктандырарын айткан.

Ошондой эле Гутерриш өлкөлөрдү климаттык маселелерди чечүү үчүн бир катар макулдашууларга кол коюуга чакырды.

Гутерриш эске салгандай, жыл сайын сууга 23 млн тонна желим ыргытылат.

Белгилей кетсек, БУУнун океан боюнча 3-конференциясы Франциянын Ницца шаарында 9-13-июнда өтөт. Иш-чарага 50дөн ашык мамлекеттин башчылары катышууда.