Гуманоид роботтор алгач ирет лапароскопиялык операцияны ийгиликтүү аткарышты

Дүйнө Загрузка... 16 Июль 2026 09:55
WhatsApp Image 2026-07-16 at 09.51.08.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 16.07.26 /Кабар/. Кытайдын Unitree Robotics компаниясынын гуманоид роботтору хирургдардын алыстан башкаруусу менен лапароскопиялык операцияны ийгиликтүү жүргүзүштү. Анда чочколордун өт баштыкчасы алынганын South China Morning Post басылмасына шилтеме берүү менен Казинформ маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул эксперимент АКШдагы Сан-Диего шаарындагы Калифорния университетинде жүргүзүлгөн. Окумуштуулар бою 1,5 метр, салмагы 27 килограмм болгон кытайлык Unitree G1 гуманоид роботун операция жасоого ылайыкташтырышкан. Роботко кадимки хирургдар колдонгон аспаптарды кармай турган атайын түзүлүш орнотулган.

Эксперименттин жүрүшүндө чочколорго эки жолу лапароскопиялык операция жасалган. Биринчи жолу робот хирургга жардам берген. Ал эми экинчи операцияда эки гуманоид робот бирге иштеп, операцияны жасаган.

Операциялар ийгиликтүү өткөнү менен, роботтун кыймылдары жайыраак болгондуктан жана аны кайра-кайра жөндөөгө туура келгендиктен, операция адаттагыдан көбүрөөк убакытты талап кылган. Ошондой эле операция учурунда кан агуу жана өттүн агып кетиши сыяктуу кыйынчылыктар жаралган. Бирок хирургдар аларды дароо токтотуп, жаныбарга эч кандай зыян келтиришкен эмес.

Калифорния университетинин профессору Майкл Ип мындай роботтор келечекте алыскы аймактардагы же дарыгер жетишсиз жерлердеги бейтаптарга керектүү операцияларды жасоого жардам берерин белгиледи.

Белгилей кетсек, 1997-жылы роботтун жардамы менен жасалган биринчи лапароскопиялык операция алты саатка созулган. Азыр болсо заманбап гуманоид роботтордун жардамы менен мындай операцияны болжол менен 30 мүнөттө бүтүрүүгө мүмкүн болууда.

Ошондой эле Кытай жакынкы жылдары 100 миңден ашуун гуманоид робот чыгарууну пландап жатканы буга чейин маалымдалган.