Грузияда туристтер бараткан кичи автобус капчыгайга кулап, 4 адам каза болду

Дүйнө 14 август 2026 10:30
Грузияда туристтер бараткан кичи автобус капчыгайга кулап, 4 адам каза болду

Бишкек, 14.08.26 /Кабар/. Грузияда Гоми тоосунда туристтер бараткан кичи автобус капчыгайга кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен Беларустун төрт жараны каза болгонун АЗЕРТАЖ жазды.

Жабыркагандардын айрымдары Озургети жана Чохатаури райондорундагы ооруканаларга жеткирилген.

Учурда куткаруу иштери улантылып, кырсыктын себептери иликтенүүдө.