Гренландияда чоң айсберг айылга жакындап келди

Дүйнө Загрузка... 15 Июль 2025 16:46
WhatsApp Image 2025-07-15 at 16.44.15.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 15.07.25 /Кабар/. Гренландиянын Иннарсуит айылына чоң айсберг жакындап, тургундар үчүн коркунуч жаралды. Бул тууралуу Рамблер агенттиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, жергиликтүү бийлик айыл тургундарын этият болууга чакырып, деңизге чыкпай турууну сунуштады.

Айсбергден бөлүнүп түшкөн чоң муздар күчтүү толкун жаратып, адамдарга жана курулуштарга зыян келтириши мүмкүн. Айылдын негизги киреше булагы болгон балык уулоого да бул көрүнүш тоскоолдук жаратууда.

“Адатта айсбергдер бир нече күн ичинде жылып кетет. Бул муз тоосу жети күндөн бери ордунан козголо элек. Андан сырткары, ал эки бөлүктөн тургандыктан, абалды ого бетер табышмактатууда”, - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин, 2018-жылы жогорудагыдай айсберг коркунучу катталып, айыл тургундары эвакуацияланган. Бийлик учурда кырдаалды көзөмөлдөп жатат.