Грецияда күчү 6,1 баллга жеткен зилзала катталды

Дүйнө Загрузка... 22 Май 2025 12:45
WhatsApp Image 2025-05-22 at 09.47.48.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.05.25. /Кабар/. Грецияда күчү 6,1 баллга жеткен зилзала болду. Бул тууралуу Еuronews Афинанын улуттук обсерваториясынын геодинамикалык институтунун маалыматына таянып билдирди.

Анда 6,1 баллга жеткен катуу жер титирөө бүгүн Крит аралынын жээгинде катталганы айтылды. Жер титирөөнүн очогу 60 чакырым тереңдикте жайгашкан.

Жер титирөө Крит, Эгей деңизинде жана Грециянын бир катар аймактарында байкалды.

Жердин силкинүүсүн Афинанын тургундары да сезишти. Зилзаланын афтершоктору да болду. Криттин куткаруу кызматтары жалпы даярдыкка өтүп, аймакта кырдаалды көзөмөлдөөгө кезметтер уюштурулду.

Жер титирөөнүн жыйынтыгында жолдорду бир аз суу каптады.