Бишкек, 24.07.25. /Кабар/. Күн мурун Грециянын түштүгүндөгү Коринф шаарына жакын жерде ири өрт чыгып, бир нече айылдын тургундары эвакуацияланды. Бул тууралуу Euronews кабарлайт.
Маалыматка караганда, муниципалитеттин тоолуу аймагындагы өрттү өчүрүүгө 15 учак, 12 тик учак жана 180ден ашык өрт өчүрүүчү жөнөтүлдү.
Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.
Грециянын айрым бөлүктөрүндө абанын температурасы жайында 40 градуска чейин көтөрүлүп, тез жардам кызматтарынын ишин кыйындатты.
Грецияда ысык, кургакчыл жай мезгилинде токой өрттөрү көп кездешкендиктен быйыл ондогон өрт өчүрүлдү.
Май айында Греция өкмөтү токойдогу өрттүн көбөйүшүн алдын алуу үчүн өрт өчүрүүчүлөрдү жана ушул жайда дрондор паркын дээрлик эки эсеге көбөйтө турганын белгилеген.
Эксперттердин айтымында, аймакта уланып жаткан ысык, кургакчыл жана катуу шамалдан улам тобокелдик жогору бойдон калууда, климаттын өзгөрүшү кырдаалды ого бетер начарлатууда.