Грецияда 6,1 баллга жеткен зилзала катталды

Дүйнө Загрузка... 14 Май 2025 10:31
WhatsApp Image 2025-05-14 at 06.31.30.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек,14.05.25. /Кабар/. Күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө Грециянын Карпатос аралында катталды. Бул тууралуу Коммерсант гезити Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун (EMSC) маалыматына таянып кабарлады.

Жердин силкинүүсү шаршембиге караган түнү болду. Зилзаланын очогу аралдын түндүгүнөн 38 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Белгилей кетсек, Карпатос аралында 2,2 миң адам жашайт. Жер титирөө цунами коркунучун жараткан жок. Ошондой эле жашоочулардын эвакуацияланышы зарыл болгон эмес. Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат айтыла элек.